Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Сирия армиясы бир нече шаарды аткылады


Дераа шаары аткылооддон кийин, 11-май, 2011-жыл
Дераа шаары аткылооддон кийин, 11-май, 2011-жыл

Сириянын Дераа жана Хомс шаарларында 11-майда бери дегенде 19 карапайым киши мерт кеткени кабарланууда.

Өкмөттүк күчтөр Хомс менен Харранын турак жайлар жайгашкан чөлкөмдөрүн танкалардан аткылашты.

Түркия менен чектеш Алеппо шаарчасында полиция демократиячыл талаптары менен чыккан 2 миңдей студентти кууп таркатты. Эл аралык коомчулуктун кысымына туш болгон Сирия бийлиги БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги орун үчүн ат салышуудан баш тартты.


11-майда Сириянын үчүнчү ири шаары – Хомс жана анын жака белиндеги айылдар танкалардан аткыланды. Айрым маалыматтарга караганда, аз дегенде 9 киши окко учуп, ондогону жараланды.

Өкмөткө каршы демонстрациялардын очогуна айланган Хомс шаарында, жергиликтүү тургундардын айтымында, кээ бир райондорго бир нече күндөн бери таза суу, электр жарыгы берилбей калган.

Кара униформа кийген коопсуздук кызматкерлери өкмөткө каршы акцияларга катышкан адамдардын тизмелерин көтөрүп алып, үймө үй кыдырып, камакка алып жатышты.

Дераа шаары да дээрлик эки аптадай мурун өкмөттүк армиянын курчоосуна алынган. 11-майда шаардын айрым чөлкөмдөрү аткыланып, кеминде 11 киши набыт кетти.

БУУ талап кылат

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия бийлигинин гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн калаага койо бербей жатышына байланыштуу өкүнүчүн билдирди.

Баш катчы ошондой эле президент Башар Асадды күч колдонуудан карманууга жана оппозициянын реформаларды жүргүзүү талабына кулак салууга үндөдү:

- Зомбулуктан жабыркаган Дераа жана башка шаарлардагы кырдаал менен жакындан таанышып, абалга көз карандысыз жана объективдүү баа берүү үчүн кызматкерлерибиздин ал жерлерге койо берилишин Сирия өкмөтүнөн талап кылууну уланта беребиз. Биз гуманитардык жардамдын планын иштеп чыгуубуз зарыл.

Укук коргоочу активисттердин ырастоосунда, Асаддын режимине каршы чыгуулар башталган март айынан бери набыт кеткендердин саны 600-800 кишиге чукулдады, миңдеген киши камакка алынды. Бийлик болсо “куралдуу террорчуларга каршы күрөшүп жатканын” айтып келатат.

Алардын маалыматы боюнча толкундоолорду басуу маалында кеминде 100 аскер мерт болду.

11-майда Түркияга чектеш Алеппо шаарында полиция студенттердин демонстрациясын күч менен таркатты. Жаштар Хомс, Дераа жана Банияс шаарларын камоону токтотууну талап кылышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал күнкү акцияга мурункуларга караганда көбүрөөк эл чогулду.

Лондондо жашаган сириялык укук коргоочу Рами Абдул Рахмандын билдиргенине караганда, Банияс шаарында өкмөткө каршы демонстрациялардын лидерлерин куугунтуктоо уланууда.

Сирияны Ливиянын тагдыры күтүп жатабы?

Ал аралыкта Сириянын мамлекеттик кабар агенттиги өкмөттүк комиссияга эки аптанын ичинде жаңы Шайлоо кодексин иштеп чыгуу милдети жүктөлгөнүн маалымдады. "Ал эл аралык стандарттарга ылайык түзүлөт", - деп билдирди расмий булак.

Сириянын мурдагы вице-президенти, 2005-жылы өлкөдөн качкан Абдел-Халим Хаддам шаршемби күнкү окуялардан кийин "Ройтерс" агенттигине курган маегинде белгилегендей, "Асад азыр Ливия лидери Муаммар Каддафинин кейпин кийип калды":

- Кайсы бир күнү чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү керек болушу мүмкүн. Бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатат. Өз элин өлтүргөн режимди легитимдүү деп атоого болбойт. Алар иш жүзүндө өз элинин душмандары деп саналат. Калайык андай жетекчиликтен кандай жол менен болбосун арылууну талап кылууга акылуу.

Хаддамдын эсебинде, 7 аптадан бери уланып келаткан көтөрүлүштө курман болгондордун саны азыр айтылып жаткандан алда канча көп. Дайынсыз жоголуп жаткандардын көбү иш жүзүндө жок кылынып, режим алардын сөөктөрүн жакшылап каткан, - деген ойдо Хаддам.

Расмий Дамаск эл аралык коомчулуктун да катуу сынына кабылды. Европа биримдигинин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон санкциялар тизмесине президент Асаддын ысымы да киргизилиши мүмкүн деп билдирди. 10-майда Евробиримдик сириялык расмий 13 адамга каршы санкция колдонуу чечимин кабыл алган.

АКШнын мамлекеттик департаменти Сирия бийлиги тынч демонстранттарга каршы зулумдук көрсөтүүнү улантууда деп, куугунтуктоолорду “ырайымсыз ыкмалар” деп атады.

XS
SM
MD
LG