Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Иван Демьянюк концлагердеги кылмыш үчүн 5 жылга кесилди


Бүгүн Германияда сот Иван Демьянюкту нацисттик концлагерде массалык түрдө адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп, 5 жылга түрмөгө кести. Мюнхендин соту 91 жаштагы Демьянюкту Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Польшадагы концлагерде дээрлик 28 миң адамды өлтүрүүгө катышкан деп тапты. Теги украиналык Демьянюк айыпты четке кагып келген. Сот процесси 1,5 жылга созулган. Муну Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда жасалган кылмыштар боюнча акыркы сот иштеринин бири катары аташууда.

XS
SM
MD
LG