Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

TOEFL: билими күчтүү миңди жыгат


TOEFL курсунун катышуучулары.
TOEFL курсунун катышуучулары.

Нарында англис тилине кызыккан жаштар саны артып барат. Шаардагы билим берүү борборунда TOEFL тестке даярдоо сабагына ынтызарлардан жол тийбейт. Бул тоолуу дубанда билимге жана чет өлкөлөргө чыгууга умтулуу деңгээлин көрсөтөт.

Билим берүү борбору Нарын мамлекеттик университетинин имаратында орун алган. Мында англисче сөздөрдү угууга болот.

Студенттер, окуучулар эл аралык окуу программаларынан кабар алып, татаал саналган TOEFL тестке даярдоо курстарына келишет. Былтыр курсту ийгиликтүү бүткөн эки мектеп окуучусу чет өлкөгө билим алуу үчүн жөнөп кетишкен. Быйыл болсо курстун алты катышуучусу ар кандай эл аралык программалардын финалисттери болушту.

Алардын бири Айдай "чет өлкөдөгү окуу жайларга өтүш үчүн эң татаал тесттерден кеминде экини тапшырабыз" дейт:

- Болгариядагы Америкалык университетине тапшырдым. Буйруса өттүм, TOEFL тест аркылуу. Бирок Болгариядагы университетке өтүш үчүн биринчи TOEFLды берип, экинчи SAT деген тестти тапшырыш керек. SAT – америкалыктардын жалпы республикалык тести. Мында математика тесттери англис тилинде жана англис тили боюнча, негизи тест аябай оор.

Келечекте дипломат болгусу келген Айдай Болгариядагы Америка университетинен 50 пайыздык жеңилдик алыптыр:

- Америкалык университеттерде бюджет системасы жок. Бирок жеңилдиктер жакшы берилет. Менин TOEFL тестимдин жыйынтыгы жогору болгон үчүн 50% жеңилдик алдым. Бул аябай жакшы жеңилдик.

Барып окуюн деген ойлорум бар. Мен эл аралык мамилелер багытын тандап алдым. Келечекте дипломат болгум келет. Нарын билим берүү борборуна ыраазычылыгымды билдирем
.

Маданий-маалымат алмашуу программасына өткөн Медет Жер шарынын аркы бетине – АКШга бир жылга кеткени жатат:

- TOEFL программасын бүтүп, бир жылдан бери окуп Америка Кошмо Штатка буйруса өтүп кеттим. Маданий-маалымат алмашуу программасы менен бир жыл окуп, жашап келгени кетип атам. TOEFL программасы абдан жардам берди.

Англис тили сабагы боюнча республикалык олимпиадада төртүнчү орунду алган Медина TOEFL тесттен жогору балл алып, эми Америкалык университеттерден 100% жеңилдиктерди издөөдө:

- Мен Американын өзүндөгү университеттерге тапшырып атам жана үмүттөнөм 100% жеңилдик алганга. TOEFL курсуна келгениме эки жыл болду. Келгенден бери көптү үйрөндүм, көп китеп окудум. Ушул TOEFL жардамы менен олимпиадага катышып, республикалык олимпиададан төртүнчү орунду алып келдим.

Нарында TOEFL тестине даярдоо курсу мурда жок эле. Бул жерде англис тилине чоң кызыгууну көргөн Тынчтык корпусунун ыктыярчысы Брэдли Прайб нарындыктарга бул эл аралык тилди үйрөтүүнү чечкен экен:

- Мен 2009-жылдан тарта TOEFL классты өтө баштадым. Акыркы эки жыл бою ар бир семестр сайын сабакты уланта бердик. Бул идея Нарын билим берүү борборунун директору Назира Касеева айымга таандык. Анткени Нарында TOEFL тестке даярдануучу курс жок эле. Мен окуу, жазуу, сүйлөө жөндөмү боюнча сабак өттүм. Менин окуучуларым көбүнчө мектеп окуучулары жана университеттин эң жакшы студенттери.

Билим берүү борбордун директору Назира Касеева аз-аздан борбор жабдуу жагынан толукталып калганына кубанууда:

- Негизи биздин борбор 2008-жылы ачылып, бизге АКШ өкмөтү каржылык жардам көрсөтөт. Жыл сайын алардан финансылык каржылоо алабыз, мисалы китептерди, тесттерди, тесттик материалдардын. Ошол эле TOEFL, SAT дегендин жаңы чыккан басылмалары болсо бизге жиберип турушат.

Бирок курста талап катаал. 20дай адам жазылса, сегизи гана аягына чейин чыдап катышат экен:

- 20-25 бала жазылат, бирок баары тең аягына чейин келбейт. Бул жерде келип-келбей отуруп эле аягында сегиз балабыз калат. Алар жыл бою бир да сабак калтырбай келгендер. TOEFL – бекер класс. Студенттер эч акча төлөбөйт.

Ошентип нарындык тың жаштар көз жыртып окуп, англисчени терең өздөштүрүп алган соң кең ааламга кадам таштоодо. Эмне дейбиз, баарына ийгилик! (Good luck! Have a good experience!)
XS
SM
MD
LG