Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

“Ар-намыстын” коалицияга кирген кирбегени анык болот


Бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ар-намыс” фракциясынын коалициялык көпчүлүккө кирген же кирбегени тууралуу маалымат берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде жакында “арнамысчылар” толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирген. Анын айтымында, фракция лидери Феликс Кулов коалициялык келишим боюнча өзүнүн долбоорун сунуштаган. Атамбаев “арнамысчылар” кошулса коалиция бекемделип, өкмөттүн туруктуу иштешине шарт түзүлөт деп белгилеген.

15-апрелде “Ар-намыстын” 10 депутаты коалициялык көпчүлүккө кошула турганын жарыялашкан болчу. Андан кийин дагы үч депутаты киргени жарыяланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG