Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Өмүр бою эркинен ажыраган эки соттолуучу ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун түрмөлөрдөгү жарандардын укугун кароо долбоорунун координатору Евгения Кропивина билдирди. Анын айтымында, Рахматулла Туранов жана Отабек Ахадов өздөрүнө карата чыккан өкүмдүн негизсиз экендигин, кылмыш иштери толук иликтенбегендигин айтып жатышат.

Рахматулла Туранов бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын, бирок ал ишти кайра кароодон баш тартканын билдирди. Башкы прокуратура бул маалыматтарды тактай турганын “Азаттыкка” кабарлады. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков оор кылмыш менен кесилген бул эки жаран ушул тапта тамак жеп эле жатканын билдирди.

Өзбекстандын жараны Отабек Ахадов 11 жылдан бери абакта жатат. Ал 2001-жылы "террорчулук кылган", "“Иттипак” уйгур диаспорасынын лидери Нигмат Баззаковду жана “Достук” мейманканасынын жанында кытай жаранын өлтүргөн" деген айыптар менен өлүм жазасына кесилген. Рахматулла Туранов сегиз жылдан бери абакта. Ал 2003-жылы Бишкекте "үч аялды өлтүрүүгө буйрутма берген" делип айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG