Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Мэр парламентке чакырылат


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ширин Айтматова "мэриянын социалдык эмес иш аракеттери туурасында көп нааразычылыктар болуп жатканын" айтты. “Интернетте эртең мэрге каршы акциялар болот деп жатат. Биз мэр эмне менен алек болуп жатканын угалы”,-деди Ширин Айтматова.

Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында Ош базарындагы соодагерлер нааразылык жыйындарын өткөрүүгө укугу бар экенин, мэрия андай акцияларга алаксыбастан өз иши менен алек болушу зарыл экенин белгилеген. "Эң башкысы митингге чыккандар транспорт кыймылына жана жарандарга ыңгайсыздык жаратпашы керек",-деди Иса Өмүркулов.

Парламент май айынын календарлык планына мэр Иса Өмүркуловду чакырып, угууну киргизди. (AzK)

XS
SM
MD
LG