Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Сирия жума намаздан кийинки элдик чыгууларга даярданууда


Сирияда 13-майда жума намаздан кийинге болжолдонгон анти-өкмөттүк демонстрациялар алдында шаарларга танктар киргизилди. Оппозициянын ырасташынча, марттын ортосунда президент Башар Ассаддын режимине каршы козголуш башталгандан бери коопсуздук күчтөрү 750дөн ашуун адамдын канына зобун келтирген.

Кабарларда өлкө ортолугундагы Хама калаасын бүгүн эртелеп танктар курчоого алганы айтылат. Хамада 1982-жылы болгон исламчылардын көтөрүлүшүн ошо кездеги президент Хафез Ассад миңдеген адамдардын канын төгүп баскан.

Кандуу булоонго жооп кылып, Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги Сириянын бир катар мартабалуу жетекчилерине санкция жарыялаган.

Хафез Ассад бийликти уулу Башар Ассадга мурастап калтырган.

XS
SM
MD
LG