Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Босния сербдери саясый кризиске май тамызды


Босния-Герцеговина федерациясынын курамындагы сербдердин лидерлеринин референдум өткөрүү чечими Боснияны саясый кризиске түрттү. Босниядагы Серб Республикасынын президенти Милорад Додик референдум өткөрүлөрүн 13-майда Евробиримдиктин баш дипломаты Катерин Эштон айым менен регион байтакты Бания Лукада кездешкен соң жарыялады. Эштон айым Боснияга жергиликтүү серб жетекчилиги менен эл аралык коомчулуктун региондогу баш өкүлү Валентин Инзко арасындагы араздашууга байланыштуу шашылыш келди.

Референдумда сербдер Босния-Герцеговинанын борбордук өкмөтүнө мамилесин билдириш керек. Ошондой эле “Эл аралык баш өкүлдүн мыйзам чыгаруу жана шайланган жетекчилерди кызматтан алуу укугун колдойсуңарбы?” деген суроого жооп беришет.

XS
SM
MD
LG