Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

“Мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды


Мыйзам долбоору Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына карата иштелип чыккан. Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Каныбек Иманалиевдин маалымдашынча, мунапыс ала тургандарды атайын комиссия тандайт. Бул комиссиянын курамына жаза аткаруу кызматынын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана акыйкатчы кирет.

Депутат Каныбек Иманалиев жакында эле “Азаттыкка” курган маегинде мунапыс берилчүлөргө кош бойлуу аялдар, майыптар да кирерин айткан. Иманалиев аскерден, абактан качкан, кызмат кылган жерин өз эрки менен таштап кеткен адамдар мыйзам күчүнө киргенден кийин үч ай ичинде качкан жайларына кайтып келсе кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын кошумчалаган. Мунапыс оор кылмыш кылган, уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүнө, экиден көп жолу түрмөгө түшкөн жана абак жайларда тартип бузган 3200дөн ашуун адамга берилбейт.

Кыргызстанда жалпысынан 17 миңге жакын соттолуучу бар. Мунапыс 3 миңге жакын соттолуучуга берилери болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG