Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Депутаттык комиссия Бабановго тийиштүү айыптоолорго далил таппады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов билдирди. Анын айтуусунда экс-баш прокурор Кубатбек Байболовдун «Манас Интернэшнл Сервис» ишканасы административдик ресурсту колдонуп, 730 млн сом салык төлөгөн эмес” деген маалыматы тастыкталган жок.

Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун 2011-жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия бүтүмүндө, ошондой эле, экс-баш прокурор өзү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталат.

Дарегине айтылган айыптарга байланыштуу вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов иликтөө бүткөнгө чейин кызматынан бир айга чегинген. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG