Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Бабановдун кызматтан убактылуу чегинүү мөөнөтү бүттү


Биринчи вице премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бир айлык мөөнөткө белгиленген убактылуу отставкасынын мөөнөтү бүттү. Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” вице-премьер-министр, дүйшөмбү 16-майдан баштап жумушка чыгышы керек экендигин билдирди.

“Өкмөт башчысынын буйругуна ылайык Өмүрбек Бабановдун убактылуу отставкасынын мөөнөтү 14-майда бүтөт. Ал эми мындан башка эч кандай буйрук чыгарыла элек. Ошондуктан, биринчи-вице-премьер-министр дүйшөмбүдөн баштап өз милдеттерин аткара башташы керек” – деди Фарид Ниязов.

Өмүрбек Бабанов 14-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевге арыз жазып, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун анын дарегине айткан күнөөлөрүн атайын комиссиялар текшерип, аныгына чыкканга чейин кызматынан убактылуу чегине туруу чечимин кабыл алган эле.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Токтогул Туманов депутаттык комиссия Бабановго тийиштүү айыптоолорго далил таппаганын "Азаттыкка" билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG