Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

МВФтин башчысын аялды зордуктаганга аракет кылган деп айыпташты


Нью-Йоркто 62 жаштагы Доминик Стросс-Канды кечээ аэропортто кармашкан. Мейманкананы тазалаган 32 жаштагы аял ага каршы арыз менен полицияга кайрылган экен. Эл аралык Валюта Корунун башчысы Стросс-Кан ал аялды зордуктаганга аракет кылган деп күнөөлөнүүдө. Францияда келерки жылкы шайлоодо президенттикке ат салышат деп күтүлүп жаткан талапкер Парижге жөнөп жаткан жеринен кармалды. Бүгүн ал Германиянын канцлери Ангела Меркел менен көрүшмөк. Эртең болсо Брюсселде Евробиримдиктин финансы министрлери менен биргеликте Португалияга жана Грецияга колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөшмөк. Эл аралык валюта кору азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG