Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

МВФтин төрагасы аял зордуктамак болду деп шектелүүдө


Эл аралык валюта кору - МВФтин төрагасы Доминик Стросс-Кан мейманканада иштеген кызматчы аялды зордуктамак болду деп шектелүүдө. 62 жаштагы Стросс-Канды полиция ишемби күнү Нью-Йорктон Парижге учканы жатканда камакка алган болчу. Банкир өзү күнөөнү четке кагууда. Стросс-Кан жекшемби күнү Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукмак. А бүгүн 16-майда Европа Биримдигинин Брюсселдеги жыйынына катышмак. Жыйында Португалия менен Грекияга финансылык жардам берүү маселеси талкууланат.
Стросс-Кан Францияда келерки жылы болчу президенттик шайлоого социалисттерден талапкерликке көрсөтүлөрү айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG