Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Абактагы эки адам ачкачылыгын токтотту


Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайындагы Кыргызстандын Рахматулла Туранов жана Өзбекстандын Отабек Ахадов аттуу жарандары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Абакта ачкачылык жарыялагандар менен сүйлөшүп келген депутат Турсунбай Бакир уулу эки соттолуучунун иши боюнча атайын жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрүп, айыпталуучулар алардын иши Жогорку Сотко өткөрүлүп берилишин талап кылып жаткандыктарын билдирди.

Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайында өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолуучу өздөрүнө карата чыккан өкүмдүн негизсиз экендигин айтып, 11-майдан бери ачкачылык жарыялап атышкан. Камактагы Рахматулла Туранов менен Отабек Ахадов өздөрүнө байланыштуу кылмыш иштерин кайрадан иликтенишин Башкы прокуратурадан талап кылышууда. (EK)

XS
SM
MD
LG