Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Жогорку Сот Наримандагы иш боюнча доо арызды канааттандырган жок


Жогорку Сотто бүгүн июнь коогасында Кара-Суу райондук милиция башчысынын өлтүрүлүшү боюнча айыпталып жаткандардын доо арызы каралып, 2010-жылдын 25-октябрында чыккан Кара-Суу райондук жана Ош облустук сотунун чечимдери күчүндө калтырылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук соту бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган.

Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаев 13-июнда Нариман айылына эки элди элдештирүү үчүн сүйлөшүүгө барган учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG