Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Абдрахманов: Бабановдун “Мегакомду” басып алууга тиешеси бар”


Биринчи вице-премьер-министрге карата айтылган айыптоолор боюнча түзүлгөн дагы бир депутаттык комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” “Өмүрбек Бабановдун “Мегакомду” басып алууга тиешеси бар”, - деп билдирди. Анын айтымында, Бабановдун атынан Маммүлктү башкаруу корунун жетекчиси Даир Кенекеев орусиялык ишкерлерден 50 млн. АКШ долларын сураган. Бабановдун орусиялык ишкерлер менен өкмөт үйүнөн тыш үч жолу жолукканын жүйөө кармап, депутат “бул - Бабанов акча сурады дегендин каймана фактысы”- дейт. Депутат Өмүрбек Абдрахманов комиссия мүчөлөрү ушул жумада биринчи вице-премьер-министр менен жолугарын кошумчалады.

Буга чейин дагы бир депутаттык комиссия Бабановго карата айтылган айыптоолор далилденбеги аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу кызматынан убактылуу чегинген биринчи вице-премьер-министр бүгүн кайрадан ишке киришти. (EK)

XS
SM
MD
LG