Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

ЕККУ кыргыз милициясына жардыргыч заттарды зыянсыздандырууну үйрөтөт


ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси милиция кызматкерлери үчүн жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу боюнча окуу өткөрөт. Тренинг ИИМдин ички аскер күчтөрүнүн окуу борборунда уюштурулат. Анда ар кандай күч структураларынан тандалып алынган 30 милиция кызматкерине коомдук коопсуздук жаатында окуулар өткөрүлөт. Соңунда аларга экзамен тапшыртылып, атайы сертификаттар берилет. ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Эндрю Тесорьер коомдук коопсуздук жаатында көмөк көрсөтүү - ЕККУнун башкы максаттарынын бири экендигин билдирет. ИИМдин ички аскер күчтөрүнүн командири Совет Арбаев террористтик максатта коюлган жардыргыч заттарды зыянсыздандырууга ыкчам даярдык Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экендигин кошумчалады. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен маалымат таратышты. (EK)

XS
SM
MD
LG