Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Пакистан жана АКШ алаканы оңдоо аракетинде


Жон Керри Исламабаддагы маалымат жыйыны учурунда. 16.5.2011. REUTERS.
Жон Керри Исламабаддагы маалымат жыйыны учурунда. 16.5.2011. REUTERS.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Жон Керри Исламабадда Пакистан жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Америкалык сенатордун айтымында, эки тарап өз ара алаканы мурдагы нугуна кайтаруу үчүн бир катар иш чараларды макулдашты.

Расмий Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси АКШнын “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладенди Пакистан аймагында жок кылган атайын аскердик чарасынан кийин солгундай түшкөн.

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, премьер-министри Юсуф Риза Гилани, армиянын башчысы Ашфак Каяни менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн сенатор Жон Керринин ырастоосунда, Исламабадда макулдашылган чаралар эки тараптуу алакаларды өз нугуна түшүрүү үчүн токтоосуз ишке ашырыла баштайт.

Ал эми Пакистан премьер-министринин кеңсеси алар сүйлөшүүлөрдө америкалык сенаторго күн тартибинде эки өлкөнүн ортосунда өз ара ишенимди калыбына келтирүү маселеси пайда болгондугу тууралуу айтышканын кошумчалады.

Жон Керри Пакистан премьери-министри Юсуф Риза Гилани менен.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Пакистанга 2-май күнү борбор Исламабаддан алыс эмес Абботтабад деген шаарда “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладен жок кылынгандан кийин келген америкалык алгачкы жогорку даражалуу расмий өкүл болду.


АКШ коопсуздук күчтөрүнүн бул иш-чарасынан кийин расмий Исламабад Вашингтонду Пакистан аймагындагы операцияны күн мурунтан эскертпестен туруп жүргүзүү менен өлкөнүн эгемендигине (суверенитетине) шек келтиргени үчүн айыптаган.

Вашингтон болсо өз тарабынан бин Ладендин жана анын үй-бүлөсүнүн Пакистандын аскерий мекемеси жайгашкан жерде бир нече жыл бою байкалбастан жашырынып жүрүшү мүмкүн эмес, муну жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айрымдары билген болушу керек деген шек саноосун айтып чыккан.

Сенатор Керринин Пакистан лидерлери менен жолугушуусунан кийин билдиргенине караганда, Исламабад терроризмге каршы биргелешкен күрөштө жаңы ыкмаларды издөөгө жана чалгын маалыматтары менен бөлүшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө макул болду.

Сенаттор ошондой эле “алгачкы кадамдардын” чоо-жайын талкуулоо үчүн ушул апта соңунда Пакистанга америкалык эки өкүл келээрин, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да жакында өз визити жөнүндө жарыяларын кошумчалады.

Пакистан, албетте, “ ал-Кайида” лидеринин жок кылынышын кубаттаган, бирок ошол эле кезекте АКШнын операциясын да сынга алган. Пакистан тышкы иштер министрлиги аны “уруксат берилбеген жана бир тараптуу” акция деп атаса, парламент өкмөткө эгер дагы бир бир тараптуу акция болсо, АКШнын Ооганстандагы аскерлерин камсыздоонун Пакистан аркылуу өткөн түйүнүн кыркууну сунуш кылган.

Кабарларга караганда, Пакистан армиясынын башчысы Ашфак Каяни жолугушуу учурунда америкалык сенаторго операция болору жөнүндө күн мурунтан эскертилбегени үчүн Исламабаддын нааразылыгын билдирген.

Ошондой эле учкучсуз башкаруудагы америкалык учактардын Пакистан аймагында террорчу деп шектелгендерди бутага алуусу токтотулушун талап кылган.

Ал эми маалымат агенттиктеринин пакистандык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап маалымдашканына караганда, америкалык сенатор Пакистан тарапка бир нече талап жазылган тизмени тапшырган.

Алар негизинен Пакистан өз аймагында согушкерлерди жашырып жатат деген шек саноолор менен байланыштуу.

Керри Пакистанга чейин Ооганстанда сапарда болуп, Пакистан тарап менен чечүүнү талап кылган олуттуу маселелер бар жана бул өлкөнүн бийликтери талиптердин жоочулары жана алардын лидерлери бекинген жайларды билет, буга айрым далилдер бар деп айткан:

- Бул биздин Пакистан менен өз ара алакадагы чечүүчү учур. Адилеттүүлүк үчүн айтым коюшум керек, Конгресстин Эл өкүлдөр үйүндөгү (палатасындагы) жана Сенаттагы менин кесиптештеримде Пакистандын эки тараптын окшош максаттарын аткарууга канчалык дилгирлиги же бул максаттарды ишке ашырууда өнөктөш болууга даярдыгы боюнча терең тынчыздануулар бар. Андыктан Конгресстин айрым топторунан эгер азыркы кырдаал оңолбосо, анда Пакистанга жардам көргөзүү программасын өзгөртүү керек деген чакырыктар айтылып жатат.

Пакистан 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан бери АКШдан 18 миллиард доллар жардам алган.

Анда Исламабад Ооганстандагы талиптик режимди колдоону токтотууга расмий убада кылып, АКШнын террорго каршы согуштагы негизги өнөктөшүнө айланган.

Исламабадда сүйлөшүү өткөргөн сенатор Жон Керри 2009-жылы Пакистанда мектептерди, жолдорду, демократиялык институттарды куруу үчүн АКШ Конгрессинде бул өлкөгө 7,5 миллиард доллардык жардам көргөзүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышына чоң салым кошкон эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG