Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Сирияда бийликтин былыгы ачылууда


16-майда Сириянын Дараа шаарынын чет жакасынан 20 адамдын жасаты табылганы маалымдалды. Оппозиция мүчөлөрүнүн айтышынча, жергиликтүү тургундар 13 жасатты бир метрдей терең аңдан чыгаргандан кийин аскерлер келип, аларды кайра көмдүргөн. Тургундар аңда дагы 6-7 жасатты көрүшкөн. Сириялык адам укугун коргоочулардын ырасташынча, марттын ортосунда президент Башар Ассаддын бийлигине каршы демонстрациялар башталгандан бери коопсуздук күчтөрү 775тен ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирген; көптөгөн адамдар дайынсыз жоголгон. Оппозиция кеңири саясый реформаны жана Башар Ассаддын президенттиктен кетүүсүн талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG