Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Йемендиктер Салехти президенттиктен кетүүгө чакырууда


16-майда Йеменде президент Али Абдулла Салехти бийликтен кетүүсүн талап кылган көчө жүрүштөрү болду. Демонстрациялар өлкө түндүгүндөгү Саада провинциясында, түштүктөгү Аден шаарында болгону маалымдалды. Жекшемби күнү Йемендин түштүгүндөгү Зунжубар шаарында демонстранттар менен аскерлердин кагылышуусунда бир жоокер окко учуп, бир жоокер жарадар болгон. Төрт айдан берки демонстрацияларга карабай, 32 жыл президенттик кылган Али Абдулла Салех бийликтен кетпей жатат.

XS
SM
MD
LG