Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

"Endeavor" космоско акыркы ирет учуп кетти


16-майда АКШнын “Индевор”(Endeavor) космостук кемеси орбитага учурулду. Флоридадагы Кеннеди атындагы космостук борбордон учурулган кемеде америкалык беш жана европалык бир астронавт бар. Экипаждын командири буга чейин үч жолу космоско учкан Марк Келли. “Индевор” кемесинин акыркы космостук сапары 16 күнгө созулат. Ал Эл аралык орбиталдык станцияга аалам кубулуштарын изилдөөчү 2 миллиард долларлык магниттик альфа-спектрометрди жеткирет. Бул приборду жасоого 16 өлкө катышкан. Орбиталдык станцияга америкалыктардын “Спейс шаттл” программасы боюнча акыркы жолу июлда “Атлантис” кемеси учат. Андан кийин россиялык кемелер гана уча баштайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG