Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Парламенттик делегация Германияда болду


Беш фракциядан тогуз депутат 8-14-май күндөрү Германияда болуп, Бундестаг депутаттары менен жолугуп келди. Кыргызстандык делегация ошондой эле Германия ТИМинин, Берлин Европалык Академиясынын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен кездешүүлөрдү өткөргөн. Бул сапар алкагында кыргыз депутаттары Берлиндеги кыргыз элчилигине да баш багып кайтышты. Элчи Т. Макеев депутаттарга дипөкүлчүлүктүн ишмердиги жана кыргыз-немис алакалары тууралуу маалымат берди. Кыргыз депутаттарынын Германияга болгон сапары АКШнын улуттук демократиялык институту жана Германия ТИМинин көмөгү менен каржыланды. (EK)

XS
SM
MD
LG