Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Парламент Рысалиевдин кадр саясатын иликтейт


Министр Зарылбек Рысалиев кыргыз милициясы түзүлгөнүнүн 86 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында, 2010-жылдын 1-ноябры.
Министр Зарылбек Рысалиев кыргыз милициясы түзүлгөнүнүн 86 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында, 2010-жылдын 1-ноябры.

Депутаттар ички иштер министри Рысалиев жердештерин жетекчи кызматтарга коюп алды деп айыптап чыгышты.

Бул боюнча иликтөө ишин парламенттин тиешелүү комитети жүргүзө баштады.

Министрди жердешчил деп жатышат

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин ишмердигин текшерүүгө парламентке түшкөн арыз-даттануулар себеп болгон. Анда кадр тандоодо министрдин жердешчиликке басым жасагандыгы көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу “Республика” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров мындай деди:

- Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ички иштер органдарындагы таластык кызматкерлерди жогорку кызмат орундарына коюп жатыптыр. Мисал келтирсек: транспорттогу ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы К. Кубатбеков, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Абдраимов, анын орун басары А. Жумашаев, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы К. Сатыбалдиев. Мына ушуга окшогон борбордук аппараттагы жетекчилердин саны жыйырмадан ашуун. Алардын бардыгы Талас облусунан. Мындан сырткары райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын көпчүлүгү таластык болушат.

Кадр саясатында трайбалисттик мамиле биринчи жана экинчи президенттер Акаев менен Бакиевдин тушунда кеңири орун алганы маалым. Алтурсун Акаев бийлеп турганда Кеминизм деген түшүнүк кеңири жайылган.

Жерине жараша кызмат

Мындай көрүнүшкө жаңы бийлик жол берип жаткандыктан, ички иштер органдарында бөлүп-жаруучулук орун алууда - деди депутат Марат Султанов:

- ИИМде бир кызматта иштеген иним бар. Ошондон сурашыптыр “сен каяктан болосуң, кимдин тууганы болосуң” дешип. Ал анан өзү “Алайдан болом, ушундай-ушундай тууган болом десе, “анда арызыңды өзүң жазып кызматтан кет” дептир. Анан мен З. Рысалиевге ачык эле телефон чалып “бул эмне кылганыңар? Качантан бери алайлыктарга милиция болуп иштегенге тыйуу салынган десем - “жо-ок, башка бир себептер болсо керек” деп ар нерсеге шылтоолойт. Ал өзү жумушунда өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, маңзаттарын кармоодо жакшы көрсөткүчтөрү бар адис жигит. Эми анын кесиптик деңгээлин эске албастан ушинте беришсе бул өзү эмне деген саясат болуп калат?

Парламенттин мыйзамдуулукту сактоо жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков министрдин жердешчилик мамилеси тууралуу көптөгөн даттануулар түшүп, бирок аларга ички иштер министрлиги ынанымдуу жооп бербей жаткандыгын белгиледи:

- Жакында мага жыйырмага жакын полковниктер келишип, өздөрүнүн министрге болгон нааразычылыктарын айтып кетишти. Андан сырткары ардагерлер жана иштеп жатышкан кызматкерлер мага келишип “муну токтотпойсуңарбы, министр жана дагы бир анын орун басары өздөрүнүн жердешчилик жагына кетип калып жатышат деген кайрылуулар менен келишиптир. Мунун бардыгын биз иликтеп жатабыз.

Аталган комитет бир жуманын ичинде иликтөө иштерин жыйынтыктап, аны талкуулоону палатага алып чыкмакчы. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков биричи кезекте бийликтин бийик серелериндеги жердешчиликтин тамырын кыркууга чакырды:

- Ал жер министрдин жеке ишканасы эмес. Бөлбөш керек. Анын үстүнөн канча деген арыздар түшүптүр. Мунун бардыгын палатага алып чыгып, буга биз чекит коюшубуз зарыл. Эл өзү бөлүнбөйт. Балээнин баары мына ушул жетекчилердин арасынан чыгып жатат. Мындайдын тамырын жулуш керек.

Депутаттар жалган айтпасын?

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы А. Жумашаевдин түбү Таластан. Бирок ал бул кызматка министрдин жердеши болгону үчүн келди деген депутаттардын айыптоосу менен макул эмес:

- Мен мисалы А. Акаевдин убагында деле К. Бакиевдин тушунда деле жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөм. Мен өзүмдүн кызматымды тигил алыскы Тогуз-Тородон иштөөдөн баштагам. Мына ошол эле Жалал-Абадда, Ошто жетекчилик кызматтарда иштеп келдим. Биз эл үчүн иштеп жүргөнбүз жана иштей беребиз. Биздин ким экенибизди эл билет. Эл тараза. Биз менен иштеп келе жаткан эмгек жамаатыбыз кимдин кантип кызматке келгендигин жакшы билет. Мына ошондуктан мени тааныш аркылуу жетекчи кызматка келди дегендерди өзүнүн абйирине койдум.

Ал эми ички иштер министри Зарылбек Рысалиевден анын дарегине айтылган сындар боюнча жооп алууга мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулла Ахмедов бул боюнча министр жакында комментарий берет деп кыскача жооп кайтарды.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев эң башкысы адистер кесиптик деңгээлине жараша тандалышы керек деп эсептейт:

- Адамдын кызмат кылган иш жөндөмү, басып өткөн жолу, билими негизги болуп каралыш керек. Анан жанагы “сен бул райондон, тигил облустан экенсиң” дегендин өзү туура эмес. Негизи кызматка сынак менен алыш керек. Министрликтин жалпы коллегиясы чечиш керек.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бир жыл аралыгында ички иштер органдарына адистер кандай негизде жетекчи кызматтарга кабыл алынгандыгын иликтеп чыкканы жатат. Ошондон кийин гана министрге коюлган дооматтардын канчалык адилеттүү экендиги аныкталат сыяктанат.

XS
SM
MD
LG