Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Казакстанда жанкечти өзүн жардырды


Казакстандын Ак-Дөбө шаарындагы Кооопсуздук Комитетинин имаратынын кире беришинде бир жаш жанкечти өзүн өзү жардырып, анда кеминде эки киши жарат алды. Башкы прокуратуранын өкүлү Жандос Умиралиев жардырууну терракт эмес деп билдирди. Анын айтымында өзүн жардырган 25 жаштагы Рахимжан Махатов кылмыштуу топтун мүчөсү болгон жана мындан башка бир нече кылмышка шектелип келген.

Ак-Дөбө шаарындагы бул жардыруу кошуна жайгашкан Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринен айырмаланып, Казакстанда алгачкы жардыруу катары катталды.

XS
SM
MD
LG