Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Кыргызстанда музейлердин эл аралык күнү белгиленүүдө


Бишкектеги Гапар Айтиев айтындагы көркөм сүрөт музейинен “Азаттыкка” билдиришкендей, бул күнгө карата аталган музейде ар кыл маданий иш-чаралар, жарандар үчүн оюн-зооктор уюштурулат. Ушундай эле иш-чаралар Тарых музейинде да өтөт. Бул жылы музейлердин эл аралык күнү “Музей жана мурас” деген ураандын алдында белгиленип жатат.

Дүйнөдө музей күнү 1977-жылдан бери белгиленип келет. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин токтому менен 18-май Кыргызстанда да музейлер күнү деп атала турган болду.

Жакында эле президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы музейлердин абалы канааттандырарлык эмес деп белгилеген. Президент Кыргызстанда музей жаатында иш токтоп калганын, Мамлекеттик тарых музейин көргөн киши Кыргызстандын башка жерин кыдыргысы деле келбей калаарын айткан. Роза Отунбаева бул жаатта демөөрчүлөрдүн жардамы менен алдыга жылуу керектигин белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG