Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Ош облусунда кызамык оорусу күч алганы байкалууда


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 15-майга карата аймакта кызамыктын 34 лабораториялык учуру аныкталган. Алардын 13ү Ош шаарына, 17си Кара-Суу районуна, экиден учур Өзгөн менен Ноокат районуна туура келет. Ооругандын 58 пайыздан ашыгын бир жашка чейинки ымыркайлар, 29,1 пайызын бир-эки жаш ортосундагылар, 12,5 пайызынын үч жаштан жогорку өспүрүмдөр түзөт.

Кызамык – адамдын жугуштуу инфекцияларынын бири. Эмдөөдөн өтпөгөн адам инфекциянын булагына кабылса, ооруга чалдыгуу коркунучу 99 пайызды түзөт. Вирус аба менен, дем алуу органдарынан бөлүнүп чыккан майда тамчылар аркылуу жугат. Кызамык денеде бүдүрлөрдүн пайда болушу, 40,5°C чейинки жогорку температура жана жөтөл менен коштолот. (KKs)

XS
SM
MD
LG