Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:24

Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун соту болот


Эртең Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, облустагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровдун ишин карайт. Батыров издөөдө болгондуктан сыртынан соттолуп, өкүм чыгарылат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин соттук териштирүү жактоочулар да, жабырлануучулар да келбей койгондуктан бүгүнкү күнгө жылган.

Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып жатат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майда корутундусун жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп билдирген болчу. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG