Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Жибек Сакееванын ишине орус элчилиги көмөктөшүшү мүмкүн


Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Орусиядагы кыргыз элчилиги Индонезиядагы орус элчилигинен жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы билдирет.

Кыргызстандын Индонезия менен укуктук көмөктөшүү тууралуу келишимдери жана дипломатиялык алакалары жок. Буга чейин Сакеевага байланыштуу сот отурумдарына Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Азамат Кайбалаев катышып келген.

Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Жибек Сакееванын тагдырын "Азаттык" айтып чыккан соң, Акыйкатчы жана тышкы иштер министрлиги бул маселеге көңүл бура баштаган. (EK)

XS
SM
MD
LG