Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Гейтс жана Мюллен Пакистан жетекчилигин "коргошту"


18-майда АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс жана Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, Майкл Мюллен Пакистан жетекчилиги Усама бин Ладендин Абботтабадда жашынып жатканынан кабардар экенин ырастаган далилдер жок экенин билдиришти.

“Ал-Кайиданын” ана башын АКШнын атайын күчтөрүнүн аскерлери 2-майда Абботтабадагы аскерий академияга чукул жердеги үйдө жок кылышкан. Гейтс бирок АКШ өкмөтүндөгү кээ бир чөйрөлөрдө бин Ладен кайда жашынып жүргөнүн Пакистандагы “айрым адамдар” билет деген көз караштар бар экенин белгиледи. Мындай пикир, адмирал Мюллендин сөзүнчө, бин Ладендин жабытында колго түшкөн материалдарды талдоодон улам жаралышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG