Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

ЖК комитети биолабораториянын курулушун колдоду


Парламенттеги Коргоонуу жана коопсуздук боюнча комитети биологиялык лабораторияга байланыштуу кечээ өткөргөн талкуусунун жыйынтыгында лабораториянын курулушун колдогон чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Комитеттин чечимине ылайык, Кыргызстанда мындай лабораторияга муктаждык бар. Бирок анын Ботаникалык бакчанын аймагында курулушу максатка ылайыксыз. Комитет өз талкуусунун жыйындыгында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Айыл-чарба министрлиги биологиялык лабораториянын маңызы тууралуу коомчулукка жетиштүү маалымат бере албаганын сынга алды.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалган. Лабораториянын курулушуна Бишкектеги Ботаникалык бактын аймактан 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Айрым уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү лабораториянын курулушуна каршы болуп келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG