Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Кадыржан Батыровдун соту уланат


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, облустагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровдун иши бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда териштирилет. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Батыров издөөдө болгондуктан сыртынан соттолуп, өкүм чыгарылат. Буга чейинки соттук териштирүү жактоочулар жана жабырлануучулардын келбегенине байланыштуу бүгүнкүгө жылган.

Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып жатат. Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен болсо 3-майда корутундусун жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG