Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Обама Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча сөз сүйлөйт


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Вашингтондун Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча доклад жасайт. Анын көңүл чордонунда араб дүйнөсүндөгү толкундоолор болмокчу.

Расмий булактардын айтымында, Обама демократиялык реформалар жолуна түшкөн өлкөлөргө экономикалык жардам берилээрин убада кылмакчы. Атап айтканда, Египетке 2 миллиард доллардык жардам каралууда. Ири каражат Туниске да бөлүнүп бермекчи.

Обама Европадагы реконструкция жана өнүгүү банкын Жакынкы Чыгыштагы экономикалык реформаларды колдоого чакырат деп күтүлүүдө. Америкалык президент Палестина-Израиль тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууга үндөп, оппозициянын демонстрацияларын күч менен басып келаткан Сирия өкмөтүн да сындайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG