Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

“Замандаш-Современник” улуттук конгресстин курамынан чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын тең төрагасы Сапарбек Асанов билдирди. Анын айтымында, бул чечим партиянын мурдагы башчысы Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүү кезинде эле саясий кеңеште кабыл алынган:

-Түп тамыры менен партиянын катарында жаңылануу, толугу менен өзгөрүү болуп жатат. Ошондуктан биз күчүбүздүн барын топтоп, партиянын катарын чыңдоого жумшайлы деп ушундай чечим кабыл алдык.

“Замандаш” партиясы 2010-жылдын октябрында болгон парламенттик шайлоодон кийин жетиштүү добуш топтой албаган партиялардан түзүлгөн жалпы улуттук конгресстин курамына кирген. Кийин бул конгресске кирген саясий бирикмелер конструктивдүү оппозиция же көмүскө өкмөт менен парламент түзүлгөнүн кабарлашкан. Көмүскө өкмөттүн премьер-министри болуп “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, көмүскө парламенттин төрагасы “Замандаш” партиясынын лидери маркум Мухтар Өмүракунов шайланган болчу.

30-апрелде Өмүракунов Кубада эс алып жүргөндө кырсыктан каза болгон. Андан соң партия өзүнүн атын “Замандаш-Современник” деп өзгөрткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG