Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

ЕККУ өкүлү бийликти журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырды


ММК эркиндиги боюнча ЕККУ өкүлү кыргыз бийлигин журналисттер коопсуздугун коргоого чакырды. ММК эркиндиги боюнча ЕККУ өкүлү Дунья Миятович кечээ Ошто жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөнүн туштүгүндөгү ММК эркиндиги тууралуу маселе боюнча талкуу уюштурду. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунан билдиришти.

Дунья Миятович жолугушуу учурунда жаңжалдан кийинки кырдаалда окуяларды так жана бейтарап чагылдыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал кыргыз бийликтерине кайрылып, журналисттер коопсуздугун шарттап берүүнү өтүндү.

Дунья Миятович ММК боюнча парламент комитетинин мүчөлөрү менен да жолугуп, Коомдук канал боюнча ойлору менен бөлүшкөн. ЕККУ өкүлү өлкө жашоосун бейтарап чагылдырууга Кыргызстанда коомдук күчтүү каналдын болушу зарыл экендигине токтолуп, шайлоо өткүчө "Коомдук канал тууралуу" мыйзамды кабыл албай койо турган жөндүү болоорун айтты. Дунья Миятович мыйзам долбоорунда маанилүү жагдай - каналдын көз карандысыздыгына кепилдик жок экендигин белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG