Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Түркияда жер титиреди


Түркияда жума күнгө оогон түнү жер титиреп, анда кеминде 4 киши мерт болуп, ондогон адамдар жарат алганы кабарланды. Силкинүүнүн очогу Кутахя облусундагы Симав шаарында катталып, ал 5,9 баллга жеткен. Кызыл чырым коомунун маалыматына караганда шаарда бир нече турак-жай, анын ичинде мечит талкаланган. Жарыксыз жана байланышсыз калган симавдыктарга биринчи жардамдар көрсөтүлүп жатканы айтылууда. Силкинүүнүн илеби Стамбул жана ага жамаатташ бир катар шаарларга чейин жеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG