Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Диссидент-акын Юсуф Жума камактан чыкты


“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, диссидент-акын Юсуф Жума 19-майда түрмөдөн бошотулду. Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду кескин сындап келгендиги менен белгилүү Юсуф Жума 2008-жылы 15-апрелде 5 жылга эркинен ажыратылып, “Жаслык” түрмөсүндө жаза өтөп жаткан.

Акын жана анын уулу Кылмыш кодексинин "денеге залака келтирди", "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөттү", "мазактады" деген беренелери боюнча айыптуу деп табылган. Кылмыш ишинин козголушуна Юсуф Жума жана уулдары унаа менен милиция кызматкерине тап берген деген доомат негиз берген.

Алгачкы жолу акын 2001-жылы президенттин ар-намысына шек келтирди деп кесилип, кийин ал шарттуу жазага алмаштырылган.

Маалыматка караганда, ал президентке ырайым сурап кайрылган. Анын негизинде Өзбекстан Эгемендик күнүнө байланыштуу акын бошотулган.

XS
SM
MD
LG