Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Аялдарды лидерликке таптоо боюнча окуу өтүүдө


ЕККУнун Бишкектеги борбору аялдарды саясатка аралаштыруу боюнча үч күндүк семинар өткөрүүдө. Көл жээгинде өтүп жаткан иш-чарага эл аралык тренерлер: АКШдагы Эл өкүлдөр палатасынын мүчөсү - Рейчел Вестон жана Көз карандысыз демократия институтунун кызматкери Аллидо Блэк чакырылган.

Семинарда активист аялдарга саясий партиялар ичинде чечим кабыл алуу жараяндарына кантип таасир этсе болоору тууралуу окуулар өткөрүлүүдө. Мындан тышкары тренерлер активист айымдарга жетекчи орундарга умтулуу жолдорун үйрөтөт. Семинар 24-майда жыйынтыкталат. (EK)

XS
SM
MD
LG