Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


Синоптиктердин маалыматына караганда, 21-23-майда республиканын тоолорунда жана тоо этектеринде нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

23-майда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүзү 25...30; Талас дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29; Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүзү 25...30; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 10...15, күндүзү 26...31; Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүзү 19...24; Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүзү 20...25 даража жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн -3...-8 суук, күндүзү 6...11 даража жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 даража жылуу болот. (EK)

XS
SM
MD
LG