Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Канн фестивалында ирандык режиссердун фильми бааланды


Ирандык режиссер Мохаммад Расулоф Канн кинофестивалында “Өзгөчө көз караш” деген программада мыкты режиссер деген сыйлыкка арзыды. Анын “Жакшы кал” деген тасмасы мекенинде дээрлик жашыруун тартылган. Тасма Ирандан чыгуу үчүн виза алуу максатында четтен чыккан иштерге барган адвокат тууралуу баяндайт. Режиссер өткөн декабрда 6 жылга абакка кесилип, 20 жыл кино тартууга тыюу салынган. Ушундай эле жаза дагы бир таанымал режиссер Жафар Панахиге колдонгон. Экөө тең жакында күрөөгө коё берилип, бирок аларга өлкөдөн чыгууга уруксат этилбейт. Тасмалары Францияга жашыруун алып келинген. Сыйлыкты Расулофтун ордуна Каннда жубайы алды. Бүгүн кечинде болсо фестивалдин салтанаттуу жабылышында негизги сыйлык – "Алтын пальма" бутагынын ээси жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG