Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Обама: Керек болсо Пакистанда дагы бир операция жүргүзүүнү колдойт элем


Президент Барак Обама Европа сапарынын алдында Би-Би-Сиге интервью берип, согушкерлердин дагы бир ана башы Пакистанда жашырынып жүрөт деген маалымат түшсө, ал өлкөдө жаңы операция жүргүзүүнү жактырат элем деди:

- АКШнын коопсуздугун камсыздоо – биздин жумушубуз. Пакистандын суверендүүлүгүн терең урматтайбыз. Бирок биздин жарандарыбызга же шериктерибизге каршы карасанатай иштерди көздөп жаткандарга өз пландарын жүзөгө ашырууга жол бербейбиз.

Пакистан президентинин маалымат катчысы Обаманын комментарийлерине жооп кайтарып, “бир тараптуу акциялардан баш тартып, терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкка көңүл буруу зарыл” деди.

XS
SM
MD
LG