Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Жаштар конуштарды өнүктүрүү долбоорлорун сунуштады


“Жаңылануу” деп аталган долбоордун алкагында Бишкектеги жаңы конуш жаштарынын форуму өтүп жатат. “ЭрЭп” бирикмесинин жетекчиси Мирзат Ажиев анда алты жаңы конуштагы жаштар топтору өздөрү жашаган аймактагы инфраструктураны өнүктүрүү, экологиялык маселелерди чечүү, жаштардын илим-билимин чыңдоо, спортту колдоо боюнча долбоорлорду сунушташты. “Эми аларды ишке ашыруу үчүн каражат табуу маселеси калды”, дейт Ажиев. Бишкекте 47 жаңы конуш бар жана алардын дээрлик баары саясий олку-солкулуктан, жер басып алуулардын эсебинен пайда болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG