Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишке киришти


22-майда Кыргызстанга АКШнын жаңы дайындалган элчиси Памела Спратлен келди. Элчи айым ишеним грамотасынын көчүрмөсүн бүгүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырды. 24-майда грамотанын түп нускасын Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева берет, андан соң маалымат жыйын өткөрүп эки өлкө ортосундагы алака-катыш тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШнын президенти Барак Обама Спратлендин талапкерлигин ушул жылдын 5-январында сунуштаган, 3-мартта Сенат аны элчи кылып бекиткен. Спратлен тышкы иштер боюнча адис катары 20 жылдан ашуун убактан бери иштеп жатат. Ал буга чейин АКШнын Казакстандагы элчисинин орун басары болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG