Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ЕБ Сирия, Иранга каршы жазаналарды күчөтөт


Евробиримдик Сириядагы өкмөттүк күчтөрдүн демонстранттарга каршы күч колдонуп жаткандыгына байланыштуу санкцияларды күчөтө тургандыгын «Дипломат» басылмасы жазды. Бүгүн Брүсселде Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Сирия президенти Башар ал-Асад баштаган «кара тизмеге» дагы бир нече сириялык аткаминерлерди кошту. Ошондой эле европалык министрлер Ирандагы 100 ишкананы жазаналар колдонулчу тизмеге киргизди.

Брүсселде өтүп жаткан эки күндүк министрлердин сүйлөшүүсүндө Ливиядагы кырдаал талкууланат.

XS
SM
MD
LG