Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Грузияда оппозиция каршылыгынын үчүнчү күнү уланууда


Бүгүн да Тбилисиде оппозиция президент Саакашвилини кызматтан чегинсин деген талап менен көчөгө чыкты. Грузин оппозициясы Саакашвили авторитардык бийликти күчөтүүдө деп айыптоодо. Ишембиде 10 миңге чукул киши Тбилисинин көчөлөрүнө чыккан. Жекшембиде демонстранттар полициянын унаасын талкалагандан кийин күч органдары көздөн жаш агызган газ колдонуп чогулгандарды тараткан.

Жекшембинин кечинде 2 миңден ашуун киши кайрадан топтолду. 300дөй адам Грузиянын коомдук сыналгысын түнү менен кайтарууга алды. Оппозициянын бир катар өкүлдөрү көчө протесттерин улантууга чакырууда, бирок оппозиция өз ичинде бөлүнүп, айрымдары бийликке каршы демонстрацияларга катышуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG