Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Пакистанда аскерлер деңиз базасын куралчандардан тазалашты


Атышуулар 16 саатка созулду. Кеминде 10 аскер курман болгону айтылууда. Өлкөнүн ички иштер министри Рехман Малик айтканына караганда, өткөн түнү куралчан алты козголоңчу “Мехран” базасын басып алууга аракет кылган. Алардын экөө окко учту, дагы бири өзүн өзү жардырып жиберген. Эки козголоңчу качып кеткени айтылды. Мындан мурдараак расмий булактар базага 10 ашуун адам кол салганын айтышкан эле. Соңку чабуулду талиптер жасашканын айтып, муну “Ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч алуу деп аташты.

XS
SM
MD
LG