Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө каршы акция өтөт


Бүгүн Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик символдор гимн, герб жана тууну өзгөртүүгө каршы акция өтөт. Акциянын негизги максаты учурдагы мамлекеттик символдорду колдоо. Иш-чаранын катышуучулары буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошот. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашты.

2011-жылдын 25-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин текстин жана мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча токтом кабыл алынган. Коомчулукта соңку кезде көтөрүлүп жаткан бул демилгени колдобогондор да аз эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG