Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

АКШда куюндуу шамалдан өмүрү кыйылгандар саны 116 жетти


Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Миссури штатынын Жоплин шаары кабылган куюндуу шамал жалгыз алганда акыркы алтымыш жылдагы эң көп жоготуу алып келди. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, андан 50 миңдей тургуну бар шаарда 116 киши каза тапканы ырасталды. Мындан сырткары миңдеген кишилер жаракат алган. Ошондой эле жүздөгөн үйлөр, бизнес жайлар бузулду. Ушуну менен АКШнын аймагы куюндуу шамалга же торнадого акыркы бир ай ичи экинчи жолу кабылды. Өткөн айда жети штатта торнадолордун соккусунан 300дөн ашуун киши каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG