Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Израиль 1967-жылкы чек араларга кайтпайт


Бул тууралуу Израилдин премьер-министри билдирди. Биньямин Нетаньяху жөөттөрдүн АКШдагы таасирлүү уюму – Коомдук байланыштар боюнча АКШ-Израиль комитетинде сүйлөгөн учурунда 1967-жылкы чек ара бүгүн анын өлкөсүнүн коргоонуусу үчүн ылайыксыз экендигин кайрадан белгиледи. Буга чейин АКШ президенти Барак Обама өткөн аптадагы сөзүндө 1967-жылкы чек араны Палестина менен Израилдин тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн негиз катары пайдаланууну сунуш кылган эле. Обама кошумчалагандай, эгер Израиль менен Палестина жер алмашууну макулдашса, ал чек ара сызыгын оңдоого болот.

Израиль Иерусалим шаарынын чыгышын, Иордан дарыясынын Батыш жээги менен Газа секторунун айрым аймактарын 1967-жылкы жөөт-араб согушунда ээлеп алган. Палестин тарап ал жерлерди оккупацияланган аймактар катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG