Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Апрель окуялары боюнча сотко жабырлануучулар келди


Бүгүн апрель окуялары боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Эртең менен көрсөтмө бере турган жабырлануучулардын бирөө да келбегендиктен судья процессти бир саатка жылдырган. Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев азыр жабырлануучулар келип соттук жараян башталганын билдирди.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-мартта жанданган эле. Анда мурдагы президент Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылууда. Алардын ичинен 8 адамга издөө жарыяланган болчу. Сотто жалпысынан 300дөй адам жабырлануучу катары көрсөтмө берет. (EBM)

XS
SM
MD
LG