Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 13:09

Өлкө түштүгүндө жыл башынан бери 62 табигый кырсык катталды


Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өлкөнүн түштүк аймагында жыл жаңыргандан бери 62 жаратылыш кырсыгы катталып, андан 35 адам каза тапты жана 70 миллион сомдон ашуун чыгаша болду. Эң чоң чыгашаны жер титирөө, сел жана өрт кырсыктары алып келди. Жыл жаңыргандан тарта Ош облусунда 7 жолу жер силкинди. Жалал-Абадда башка облустарга салыштырмалуу сел каптаган учурлар көп катталды. Бүгүн Бишкекте жаратылыш кырсыктарынын жөнгө салууга арналган парламенттик угуу өтүп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG